Аймак

ТАШ-КӨМҮР: ШААРДЫК ӨКБдө АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТТҮ

ТАШ-КӨМҮР: ШААРДЫК ӨКБдө АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТТҮ

 1,383 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Таш-Көмүр шаардык ӨКБмү тарабынан окуучуларга арналган ачык эшик күнү болуп өттү. Бул тууралуу КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы  А. Закиров билдирди.

Ага Таш-Көмүр шаарынын №1 Н.Островский атындагы орто мектебинин 9-10-11-класстарынын 120 окуучусу катышты.

Иш чараны уюштурууга 2-ӨИКОнын, 15 офицери, 4 даана техникасы шаймандары менен жана 6-МТККВнан, 1 бөлүм өрт өчүрүүчү автоунаасы тартылган. Окуучуларга техникалар, куткаруучу шаймандар жөнүндө маалыматтар жеткирилген.

Бир айлыктын алкагында өткөрүлүүчү иш-чаралар, өрт өчүрүүчү-куткаруучу кызматынын милдеттери жана мүмкүнчүлүктөрү айтылган.

Аталган иш-чара 5-сентябрдан 5-октябрга чейин кырсыктарды жана тобокелин азайтуу боюнча 1 айлык иш түзүлгөн планынын негизинде аткарылган.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17