Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА МУФТИЙ ТУУРАЛУУ ТАКТАЛБАГАН МААЛЫМАТ ЖАЗГАН САЙТТЫН РЕДАКТОРУ ИШТЕН АЛЫНДЫ

ӨЗБЕКСТАНДА МУФТИЙ ТУУРАЛУУ ТАКТАЛБАГАН МААЛЫМАТ ЖАЗГАН САЙТТЫН РЕДАКТОРУ ИШТЕН АЛЫНДЫ

 988 Бардыгы /

Өзбекстанда Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Усмонхон Алимовдун кызматтан кеткендиги тууралуу такталбаган маалымат жарыялаган Azon.uz сайтынын башкы редактору иштен алынды.

«10-сентябрда «Azon New Media» чукул жыйынга чогулуп, маалыматты даярдап чыгарууда шалаакылык кылгандыгы үчүн Azon.uz сайтынын башкы редакторун жумуштан кетирүү чечими кабыл алынды», — деп жазылган басылманын расмий билдирүүсүндө.

Апта башында бир катар жергиликтүү маалымат агенттиктер Усмонхон Алимов Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси кызматынан бошотулганын жазышкан. Көп өтпөй Муфтият бул маалыматты четке каккан.

Муфтий болуп 2006-жылы дайындалган Алимов былтыр дүйнөдөгү эң таасирлүү мусулман деп эсептелген 500 адамды санаган «The Muslim 500» тизмесине кирген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17