Аймак

ЕБ ТҮРКМӨНСТАНДЫ КАМАКТАГЫЛАРДЫ ДАЙЫНСЫЗ ЖОК КЫЛУУ ТАЖРЫЙБАСЫН ТОКТОТУУГА ЧАКЫРДЫ

ЕБ ТҮРКМӨНСТАНДЫ КАМАКТАГЫЛАРДЫ ДАЙЫНСЫЗ ЖОК КЫЛУУ ТАЖРЫЙБАСЫН ТОКТОТУУГА ЧАКЫРДЫ

 873 Бардыгы /

Европа биримдиги (ЕБ) Түркмөнстанды абактарда адамдарды дайынсыз жок кылуу тажрыйбасын биротоло жоюуга чакырды. Бул тууралуу ЕБдин өкүлдөрү Европадагы коопсуздук жана келишим уюмунун (ЕККУ) Венада өткөн туруктуу кеңешинин жыйынында билдиришти.

«Биз дале болсо түркмөн түрмөлөрүндө дайынсыз жоголуп кетип жаткан адамдардын тагдырына кабатырланып жатабыз. «Аларды тирүү көрсөткүлө» деп аталган эл аралык өнөктүктүн маалыматы боюнча, жарандар түркмөн абактарында толук изоляцияда кармалган 120дан ашык учур катталган. Акыркы алты жылдын ичинде камактагы отузга жакын адам каза болгон», — деп жазылган ЕБдин билдирүүсүндө.

Түркмөн абактарында дайынсыз жоголгондордун тизмесинде саясий негиздер менен, ошондой эле коррупцияга айыпталып камалган белгилүү оппозициячылар жана мурдагы жогорку кызматтагы адамдар дагы бар.

Түркмөнстандын бийлиги түрмөлөрдө адамдар дайынсыз жоголуп жаткандыгын ачык мойнуна албай келет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17