Аймак

ОРУСИЯ ТИМ БАШЧЫСЫ СИРИЯДА СОГУШ АЯКТАГАНЫН БИЛДИРДИ

ОРУСИЯ ТИМ БАШЧЫСЫ СИРИЯДА СОГУШ АЯКТАГАНЫН БИЛДИРДИ

 930 Бардыгы /

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров “Труд” гезитине берген интервьюсунда Сирияда согуш аяктаганын билдирди:

– Сириядагы согуш чындыгында эле аяктады. Өлкө акырындык менен тынч, жай турмушка кайтууда. Сирия өкмөтүнүн көзөмөлүндө эмес айрым аймактарда, маселен, Идлиб жана Ефрат дарыясынын чыгыш жээгинде гана чыңалуу очоктору сакталууда.

Лавровдун айтымында, азыр башкы максат – өлкөдөгү саясий кризисти жөнгө салуу жана гуманитардык жардам көрсөтүү.

Сентябрдын башында Сирияда мина жарылып, Орусиянын үч аскер кызматкери каза тапканы кабарланган. Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты четке каккан.

2019-жылы июлда “Новая газета” басылмасы Сирияда үч орус жоокери өлгөнүн билдирген. Журналисттердин маалыматына караганда, алар “Щит” жеке аскердик компаниясында иштешкен.

2018-жылы майда Сириянын Дейр-эз-Зор провинциясындагы салгылашта орус аскерлер тобу мерт болгон. Орусиянын Коргоо министрлиги төрт аскеринин өлгөнүн тастыктап, аларга “Кутузов” жана “Эрдик” ордендерин ыйгарган. Андан бери эки жылдан ашык убакыт өттү, бирок маркумдардын жакындары орден менен кошо берилчү сый акчаларын ала албай келишет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17