Аймак

“ЫРДАЙЛЫ КЫРГЫЗ ЫРЛАРЫН” АТТУУ ЫР КЕСЕ ӨТТҮ

“ЫРДАЙЛЫ КЫРГЫЗ ЫРЛАРЫН” АТТУУ ЫР КЕСЕ ӨТТҮ

 3,887 Бардыгы /

13-сентябрь Жалал-Абадда татар диаспорасы тарабынан “Ырдайлы кыргыз ырларын”аттуу ыр кесе кароо сынагы өткөрүлдү.

Анда татар улутунун өкүлдөрү өз улуттук кийимдерин кийип, бийлеп, кыргыз ырларын ырдашты.

Иш-чаранын максаты улуттар аралык достукту, ынтымакты чыңдоо жана этностордун мамилесин бекемдөө болуп саналат.

Бул иш чара Кыргызстан элинин Ассемблеясынын облустук маданий борборлор арасында кыргыз тилинин мамлекеттик тил статусуна ээ болгонуна 30 жылдык мааракесине карата болуп өттү. Буга чейин түрк, өзбек, славян, уйгур диаспорасы тарабынан ыр кесе өткөрүлгөн.

Жергиликтүү бюджет тарабынан аталган кароо сынакка 60миң сом бөлүнгөн. Натыйжада 23-24-сентябрда жеңүүчүлөр аныкталып, орундар берилет.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17