Аймак

СПОРТ АРКЫЛУУ КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ИНДИЯНЫН ДОСТУК МАМИЛЕЛЕРИ ЧЫҢДАЛАТ

СПОРТ АРКЫЛУУ КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ИНДИЯНЫН ДОСТУК МАМИЛЕЛЕРИ ЧЫҢДАЛАТ

 713 Бардыгы /

ДЕЛИ. Кыргызстандын Индия Республикасындагы Элчиси Асеин Исаев Индиянын жаштар жана спорт боюнча министри Кирен Риджиджу менен жолугушту.

Анда Кыргыз Элчи Асейин Исаев Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы маданий, ошондой эле спорттук байланыштарды активдештирүүнүн жана чыңдоонун ролу абдан маанилүү экендигин баса белгиледи. Ошондой эле Кыргызстандын жана Индиянын кызматташууну, тажрыйба жана билим алмашууну илгерилетүүдө жаштар жана спорт иштери боюнча мамлекеттик органдарынын өз ара тыгыз иш алып барып жаткандыгын өзгөчө белгиледи. Мисалы, ушул күндөрдө өтүп жаткан Индиянын жаштар делегациясынын Кыргызстанга жооп иретинде жасаган иш сапары жана үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрынан тартып 16-сентябрына чейин чоң кишилер, жаштар жана юниорлор арасында өтүүчү Индиядагы “Самбо-2019” боюнча Азия чемпионатына Кыргызстандын спорттук делегациясынын катышуусу тууралуу баяндады. Ошондой эле Элчи А.Исаев жана Министр К.Риджиджу жаштар саясаты жана спорт чөйрөсүндө Кыргыз-Индия эки тараптуу кызматташуусун андан ары бекемдөөнүн жолдорун дагы талкуулашты.

Соңунда тараптар биргелешкен спорттук иш-чараларды, анын ичинде улуттук спорттун түрлөрүн өткөрүү жана сапар алмашуу алкагында эки өлкөнүн жаштар делегацияларынын курамын көбөйтүү зарылдыгы тууралуу дагы өзщ ара ой-пикир алмашышты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17