Аймак

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ БУУнун БАЯНДАМАЧЫСЫ МЕНЕН АКЫЛДАШТЫ

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ БУУнун БАЯНДАМАЧЫСЫ МЕНЕН АКЫЛДАШТЫ

 766 Бардыгы /

ЖЕНЕВА. Кыргыз Республикасынын Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун бөлүмүнүн жана башка эл аралык уюмдардын алдындагы Туруктуу өкүлү Данияр Мукашев БУУнун аз улуттар боюнча Атайын баяндамачысы Фернан де Варенн мырза менен жолугушту.

Жолугушуу маалында биздин өлкөбүздө этникалык,тил жан мадиний азчылыктардын укуктарына байланыштуу кырдаал менен тааныштыруу максатында КыргызӨкмөтүнүн чакыруусубоюнча ушул жылдын аягына чейин БУУнун Атайын баяндамачысынын Кыргызстанга боло турган иш-сапарына байланыштуу маселелер дагы талкууланды. Фернан де Варенн Кыргыз Өкмөтүнүн чакыруусун абдан жогору баалады жана терең ыраазычылыгын билдирди. Анын баамында, бул Кыргызстандын адам укуктарын коргоо маселелерин жана БУУнун атайын процедуралары менен кызматташуунун жактоочулугун гана бекем тастыктайт.

Айтмакчы, БУУнун атайын процедуралары – бул адам укуктары тармагындагы көз карандысыз серепчилер, Адам укуктары жаатындагы конкреттүү маселелер боюнча, же айрым-бир өлкөлөрдөгү Адам укуктарына байланыштуу абал тууралуу маалымат жана кеңеш берүүгө укуктуу. Атайын процедуралар системасы БУУнун адам укуктары боюнча механизминин борбордук элементи болуп эсептелет жана бардык адам укуктарын: жарандык, маданий, экономикалык, саясий жана социалдык укуктарды ичине камтыйт.

 Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17