Аймак

ИРАН ПЕРС БУЛУҢУНДА БИРИККЕН АРАБ ЭМИРАТТАРЫНА БАРАТКАН МУНАЙ КЕМЕСИН КАРМАДЫ

ИРАН ПЕРС БУЛУҢУНДА БИРИККЕН АРАБ ЭМИРАТТАРЫНА БАРАТКАН МУНАЙ КЕМЕСИН КАРМАДЫ

 510 Бардыгы /

Иран бийлиги Перс булуңунда Бириккен Араб Эмираттарына мунай ташып бараткан кемени кармады. Бул тууралуу Reuters агенттиги ирандык ISNA басылмасына шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, Тегеран андагы мунай аткезчилик жол менен алынып бараткан деп шектенүүдө. Азырынча кемеде кайсы өлкөнүн жарандары бар экени белгисиз.

Танкердин кармалышы Сауд Арабиясынын мунай өндүрүшүн эки эсе азайтууга алып келген чабуулдан кийинки кризис учуруна туш келди. 14-сентябрда бул өлкөдөгү эки мунай заводго дрондор менен чабуул коюлуп, ал үчүн жоопкерчиликти Йемендеги Иран колдогон хусит козголоңчулары алган. АКШнын Мамлекеттик департаменти кол салууга Тегеранды айыптады. Иран айыптоолорду четке кагууда.

Эр-Рияд эки заводго жасалган чабуулдан кийин мунай өндүрүүнү 5,7 миллион баррелге чейин, башкача айтканда эки эсе азайткан. Буга байланыштуу брент үлгүсүндөгү мунай 14 пайызга кымбаттап, бир баррели 70 доллардан ашты.

Күн мурун АКШнын президенти мунай базарын турукташтырууга зарылчылык жаралса, өлкөдөгү стратегиялык мунай запастарын колдонуу жагын караштыруу тууралуу буйрук берген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17