Аймак

ӨРТ ӨЧҮРҮҮ МАШЫГУУСУ ӨТКӨРҮЛДҮ

ӨРТ ӨЧҮРҮҮ МАШЫГУУСУ ӨТКӨРҮЛДҮ

 1,295 Бардыгы /

13-сентябрда Жалал-Абаддагы “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коомунда “Өрт кырсыгы болгондо мекемеде жарандык коргонуунун башкаруу жана өздүк курамынын кыймыл аракеттери” деген аталыштагы мекемелик машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык ӨКБнүн Жарандык коргонуу бөлүмчөсүнүн башчысы А. Абдуллаев билдирди.

Аталган мекемелик машыгууга Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 4 офицери, Спутник кичи шаарчасында жайгашкан №58 өрткө каршы – куткаруу бөлүгүнүн 1 бирдик өрт өчүрүүчү жана 1 бирдик авариялык-куткаруу автоунаалары менен 9 кызматкер, “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коомунан 80 кызматкер жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Сценарий боюнча машыгуунун жүрүшүндө “Кыргыз Петролеум Компани” нефтебазасынын административдик имаратында өрт чыккан учурда өрт өчүрүү-куткаруу кызматы жетип келгенге чейин нефтебазанын атайын дайындалган кызматкерлеринин өрттү баштапкы өрт өчүрүүчү шаймандар менен өчүрүү. Өздүк курамды коопсуз жайга эвакуациялоо жана баалуу иш кагаздарын сактап калуу боюнча иш-аракеттери практикалык түрдө көрсөтүлдү. Андан сырткары №58 өрткө каршы – куткаруу бөлүгүнүн жана “Кыргыз Петролеум Компани” нефтебазасынын куткаруучулары тарабынан имараттын ичинде түтүндөн жабыркап калып кеткен 2 кызматкерди куткаруу жана аларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү иштери дагы аткарылды.

Аягында шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицерлери тарабынан нефтебазанын кызматкерлерине ишканада жана жашаган үйлөрүндө өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп машыгуу жыйынтыкталды.

Жалал-Абад шаарынын 2019-жылга карата Жарандык коргонуу боюнча даярдык мерчеминин жана шаардык мэриянын 2019-жылдын 10-сентябрындагы №274-б  “Мекемелик машыгуу өткөрүү жөнүндө” буйругунун негизинде  аткарылган.

 

“Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17