Аймак

КЫРГЫЗ АКТИВИСТИ ТҮРКИЯНЫН ГЕНЕРАЛЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУГА КЫЗЫКДАР

КЫРГЫЗ АКТИВИСТИ ТҮРКИЯНЫН ГЕНЕРАЛЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУГА КЫЗЫКДАР

 817 Бардыгы /

АНКАРА. Кыргыз Республикасынын Исламабаддагы Элчилигинде Кыргыз коопсуздук сектору, укук тартиби жана мыйзамзамдуулук боюнча аялдар Ассоциациясынын төрайымы Каана Айдаркул Пакистандын Глобалдуу жана стратегиялык изилдөөлөр борборунун (ГСИБ) президенти, отставкадагы генерал-майор Сайед Халид Амир Джоффри менен жолугушту.  Анын жүрүшүндө ГСИБ менен Кыргыз коопсуздук сектору, укук тартиби жана  мыйзамзамдуулук боюнча аялдар Ассоциациясынын ортосундагы  өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга дагы кол коюлду.

Кол коюлган документке ылайык аталган эки мекеменин ортосундагы коопсуздук, иш-сапарлар менен алмашуу, илимий-практикалык конференцияларды жана семинарларды биргелешип өткөрүү жаатындагы кызматташууну орнотуу  катуу болжолдонууда. Өз ара маектешүүнүн  жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Борбор Азиянын башка өлкөлөрү жана Пакистандын ортосундагы тыгыз тарыхый, ошондой эле руханий байланыштар, алардын жандандыруунун жана мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн дагы баса белгилешти.

Акырында экстремизмди жана терроризмди алдын алуу, маңзаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана коопсуздук жаатындагы башка багыттар боюнча тыгыз кызматташуу мүмкүнчүлүгүн дагы кенен-чонон талкуулашты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ өз кабарчы        

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17