Аймак

ЭЭНСИРЕГЕН ИМАРАТ. ЖАЛАЛ-АБАДГА БАЛА БАКЧАНЫН КЕРЕГИ ЖОКПУ?

ЭЭНСИРЕГЕН ИМАРАТ. ЖАЛАЛ-АБАДГА БАЛА БАКЧАНЫН КЕРЕГИ ЖОКПУ?

 1,153 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарында 200 орундуу бала бакча ээнсиреп бош жатат. Имараты эскирип, ичи жолбун ит-мышыктарга толгон. Убагында дүркүрөп иштеген бала бакча мамлекеттин карамагына өткөндөн кийин ушундай абалга келген. Аталган бала бакча сепаратист Кадыржан Батыровко таандык болгон. Анын мүлктөрү мамлекетке өтүп, конфискациялангандан кийин социалдык обьект болгонуна карабай мектеп менен бала бакча айына 340 миң сомго “Нур-Билим” ЖЧКсына ижарага берилген. Бала бакчаны ижарага алган жеке ишкер аны иштете албай кейиштүү абалга алып келгени үчүн үстүнөн кылмыш иши козголду.

Азыр “Элдик” мамлекеттик ишканасы жеке ишкерди бала бакчанын ижара акысын төлөбөй начар абалга алып келгени үчүн сотко кайрылып, жеке тараптан кайтарып алууну көздөп жатат. Бул тууралуу аталган ишкананын директорунун милдетин аткаруучу Алексей Апиев билдирди.

Азыр элдик мамлекеттик ишканасы жеке ишкерди бала бакчанын ижара акысын төлөбөй начар абалга алып келгени үчүн сотко кайрылып, жеке тараптан кайтарып алууну көздөп жатат. Бирок кайра эле жеке тараптарга ижарага берилмекчи. Мындай пикирин Элдик ишканасы пресс-конференция учурунда билдирди.

Жалал-Абад шаарына 16 бала бакча жетишпейт. Ошондой эле статистика комитетинин маалыматында бала бакчага барышы керек болгон 14 миң 291 баланын 5 миң 400 дөйү гана бала бакчага барат. Шаар аймагында жеке менчик бала бакчалар бир бала үчүн айына 5000 сомго чейин эсептелинсе, мамлекеттик бала бакчаларга 800 сомдон төлөнөт. Өлкөдө бала бакча жетишсиз болгон шартта эмне үчүн мамлекеттин карамагындагы бала бакча жеке менчиктерге ижара берилип бизнес жасалууда деген суроо туулат. Айрым активисттер бул көрүнүштү мыйзамга логикага да туура келбейт деп баалоодо.

“Кантсе да ал мамлекеттин карамагына өткөн, демек мамлекеттин бала бакчасы, мектеби андыктан кадимки мектеп бала бакчалардай акысыз иштеши керек. Мамлекеттин социалдык обьектисинен бизнес жасоо кылмышка тете.  Ошондой эле аны кор кылып карабай койгондор да жооп бериши керек” – дейт физика-математика илимдеринин кандидаты доцент Бекмолдо Чотонов.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарында союз мезгилинде 36 мамлекеттик бала бакча иштеп турганда шаар аймагындагы жеткинчектерди толук камтый алган. Бирок азыр болгону 23 мамлекеттик бала бакча иштейт. калганы менчиктештирилип кеткен. Ал эми  жогоруда сөз болгон мамлекеттин карамагындагы жеке менчик бала бакча кайра иштейби же ээнсиреп жата береби? Азырынча соттук процесстер аягына чыга элек.

Роза Акматжан кызы “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17