Аймак

ЧАТКАЛ: “ЖАРАНДАРГА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ” БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

ЧАТКАЛ: “ЖАРАНДАРГА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ” БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

 1,159 Бардыгы /

Чаткал айыл аймагынын борбору Жаңы-Базар айылына “Жарандарга кызмат көрсөтүү” борбору ачылып, калкка кызмат көрсөтүп баштады.  Бул тууралуу Чаткал райондук администрациясынан билдиришти.

Бул борборду ачуунун максаты район борборунан алыс жайгашкан айылдардын калкына жакындан кызмат көрсөтүүсүнө шарт түзүү. Айыл тургундары мурун бир керектүү кагаз үчүн райондун борбору Каныш-Кыя айылына барышчу. Аталган борбордун ачылышы менен райондо жайгашкан мекемелердин тийиштүү кызматкерлери бул борборго ар бир айдын, же жуманын бир күнү келип, айыл тургундарына кызмат көрсөтүшөт.

“Жарандарга кызмат көрсөтүү” борборун ачууну Чаткал айыл аймагынын жетекчилиги  демилгеленген.  Ал эми, борборду ачууга түрткү берүүчү гранттын эсебинен 749 557 сом,  Чаткал айыл аймагы тарабынан берилген өздүк салымдын эсебинен 750 000 сом, жалпы 999 557 сом акча каражаты жумшалган.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17