Аймак

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕКАРАСЫНДАГЫ ӨТКӨРҮҮ БЕКЕТТЕРИ КАДИМКИ ЭЛЕ ТАРТИПТЕ ИШТЕП ЖАТАТ

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕКАРАСЫНДАГЫ ӨТКӨРҮҮ БЕКЕТТЕРИ КАДИМКИ ЭЛЕ ТАРТИПТЕ ИШТЕП ЖАТАТ

 819 Бардыгы /

БАТКЕН. Кыргыз Республикасынын  Мамлекеттик чек ара кызматы ушул тапта Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги «Кулунду-унаа жол» көзөмөл өткөрүү бекетинен башка өткөрүү жайлары мурдагы эле тартипте иштеп жатышкандыгын маалымдады.

Бирок, Тажик тарап бир тараптуу негизде «Кулунду-унаа жол» көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарын өткөрүүнү убактылуу токтотту. Анткени менен бул чектөнүн үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына таптакыр тиешеси жок. Алар «Кулунду-унаа жол» көзөмөл өткөрүү жайын каалаган убагында гана кесип өтө алышат. Кыргыз Өкмөтү менен Тажикстан Өкмөтүнүн ортосундагы атайын Макулдашууга ылайык Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде беш өткөрүү жайы жайгашкан.

Ал эми «Кулунду-унаа жол» көзөмөл өткөрүү жайы көп тараптуу. Ошондуктан, күнү-түнү иштейт. «Кулунду-унаа жол» өткөрүү жайы Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылынын түндүк тарабында жайланышкан. 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17