Аймак

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНДАГЫ ЧЫРДАН ЖАПА ЧЕККЕНДЕРДЕН КАБАР АЛДЫ

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНДАГЫ ЧЫРДАН ЖАПА ЧЕККЕНДЕРДЕН КАБАР АЛДЫ

 778 Бардыгы /

БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкек шаардык 4-клиникалык ооруканасында дарыланып жатышкан КыргызТажик чек арасындагы чырдын кесепетинен жапа чеккендердин акыбалын сураштырды.

Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков жабыркагандардын ал-акыбалы жана аларга көрсөтүлүп жаткан медициналык жардам туурсында айтып берди. Чек ара чырынан жабыр тарткандардын баарына зарыл медициналык жардам көрсөтүлүп, алар күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуптолук дарыдармектер менен камсыздалды. Президент Сооронбай Жээнбеков жабыркагандардын баарына тезирээк сакайып кетишин каалап, дарыгерлерге ыкчам чараларды көргөндүгү үчүн терең ыраазычылыгын гана билдирдиТиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан дагы керектүү жардам берилээрин убадалады. Мамлекет башчысы Бишкек шаардык №4-клиникалык ооруканасында дарыланып жатышкан жабыркагандардын тууган-уруктары  менен дагы баарлашты. Буга улай жаракат алгандарга Президенттин атынан материалдык жардамдар тапшырылды.

Эске салчу жагдай: Баткен облусундагы мамлекеттик чек ара тилкесиндеги атышуунун кеспетинен 13 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Булардын арасынан он адам Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик тик учагы менен Бишкек шаарына дарыланууга алып келинди. Баарынын тең абалы туруктуу, беш кишиге бүгүн пландык операциялар жасалат. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин маалыматына караганда, үч жаракат алгандардын оор абалына байланыштуу Баткенден Бишкекке алып келүү мүмкүн болгон жок жана аларды Баткен облусунун Лейлек аймактык ооруканасында дарылоо чечими кабыл алынды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17