Аймак

ПРЕМЬЕР-МИНИСТР БАТКЕНГЕ ТИК УЧАК МИНИП БАРДЫ

ПРЕМЬЕР-МИНИСТР БАТКЕНГЕ ТИК УЧАК МИНИП БАРДЫ

 990 Бардыгы /

БАТКЕН. Үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрь күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна тик чак минип барды. Ал Лейлек районундагы Максат айылынын жашоочулары менен жолугушуу убагында Чек ара маселеси бир жаңсыл чечиле тургандыгын, өз ара сүйлөшүү мындан ары улантылаарын кошумчалады.

 – Жакында Кыргызстандын Президенти Тажикстандын Президенти менен жолугушуп, «Тынч, тез арада маселени чечели» деди. Азыр чек ара маселеси боюнча адистердин бардыгын күчтөп жатабызбилген адистерди ишке коюп жатабыз. Өзгөчө Баткенде, Түштүк жергесинде жашаган элибиздин жерлерибизди, элдин жашап жүргөн шартын так билген адамдардын бардыгын коюп жатабызГубернаторду баш кылып, Жеңиш Разаков менен моминтип маселелерди чечүүгө учуп келдикСүйлөшүү жараянын мындан ары ого бетер күчөтөбүз! Чукул аранын ичинде, баарынан мурда шахмат сымал жашаган жерлерди кандай чечебиз деген маселени кабыргасынан коебуз! – деди Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев.

Айтмакчы, Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон ушул жылы июль айында жолугушуп, чек ара боюнча бир пикирге келишкендиги кабарланган. Тилекке каршы, бул сүйлөшүүдөн эки ай өтпөстөн моминтип чек арада кайрадан кан төгүлүп олтурат. 16-сентябрда кечке жуук тажик чек арачылары Кыргызстандын Максат жана Сай чек ара бекеттерине ок атышкан. Мунун  кесепетинен бир аскер каза таап, 13 киши жаракат алганы кабарланган. Жабырлануучулардын жетөө аскер кызматкери, алтоо — жай тургундар.

Алишер ТОКСОНБАЕВ Өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17