Аймак

КИЕВДЕ КӨПҮРӨНҮ ЖАРДЫРАМ ДЕП КОРКУТКАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

КИЕВДЕ КӨПҮРӨНҮ ЖАРДЫРАМ ДЕП КОРКУТКАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

 634 Бардыгы /

Киев полициясы Днепр дарыясы аркылуу өткөн көпүрөнү жардырам деп коркуткан адамды кармады. Бул тууралуу «Украинская правда» басылмасы өлкөнүн ички иштер министри Арсен Аваковго шилтеме кылып кабарлады.

Полициядан билдиришкендей, кармалган жаран көпүрөдө турганда бир нече жолу ок аткан.

Учурда бул окуя «Теракт жасоого даярдык көрүү» беренеси менен каралууда.

«Украинская правда» басылмасынын маалыматына караганда, кармалган адам Крымда туулуп-өскөн Алексей Белько аттуу 42 жаштагы жаран. Ал кезинде келишимдик негизде украин армиясында кызмат өтөп, кийин аскер бөлүгүнөн чыгарылган.

Окуя болгон аймакта транспорт кыймылы токтоду. Мина коюлгандыгы тууралуу жашыруун телефон чалуудан кийин Киев метросунда поезддердин кыймылына чектөө киргизилди.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17