Аймак

ЭНЕЛЕР К.АСАНОВДИН ИШИН АДИЛЕТТҮҮ КАРООГО ЧАКЫРЫШАТ

ЭНЕЛЕР К.АСАНОВДИН ИШИН АДИЛЕТТҮҮ КАРООГО ЧАКЫРЫШАТ

 688 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД: «Аруузат аял» коомдук бирикмесинин айымдары ИИМдин башчысынын мурунку орун басары, генерал Курсант Асановго карата козголгон кылмыш ишин иликтөө адилеттүү болуусун бийликтен суранышты.

Жалал-Абаддагы АКИпресс маалымат борборундагы жыйында аталган коомдук бирикменин мүчөлөрү катышты. Алар буга чейин саясаттан тышкары жүргөн, бирок К.Асановго карата жасалып жаткан мамилелерден улам кайрылуу жолдоону чечишкен.

“Аруузат аял” коомдук бирикменин мүчөсү Гүлайым Аттокурова төмөнкүдөй билдирди.

«Курсант Асанов бизге окшогон эле карапайым үй-бүлөдөн чыккан. Ал өзүнүн мээнети менен бийиктиктерге жетти. Ал Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында дагы иштеп кеткен. Аксыдагы, Чаткалдагы кен байлык маселелерине байланышкан митинг, пикеттерде дагы ушул жерде болуп, коомдук саясий абалды турукташтырууда эмгеги чоң болду. Мындай кадрларды бийлик куугунтукка албастан, иштетиши керек. Ага карата козголгон кылмыш иш адилеттүү каралышын каалайбыз. Ошондуктан бийликти, Башкы прокуратураны акыйкат чечим чыгарууга чакырат элек», – деди ал.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17