Аймак

КАЗАКСТАНДА МИТИНГГЕ ЧЫККАНДАРДЫ КАМОО УЛАНУУДА

КАЗАКСТАНДА МИТИНГГЕ ЧЫККАНДАРДЫ КАМОО УЛАНУУДА

 599 Бардыгы /

Казакстан шаарларында полиция менен макулдашылбаган миттингдерге чыккандарды, анын ичинде Кытай менен биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууга каршы болгондорду кармоо жана камоо уланууда.

«Жарандык демилгелер коалициясынын» маалыматына караганда, Алматы, Нур-Султан, Актау, Шымкент, Актөбө шаарларында «тынч митингдерди уюштуруу жана өткөрүү тартибин бузуу» айыбы менен акыркы төрт күндө 30 киши 15 суткага камалды.

19-сентябрь күнү кечинде Алматыдагы административдик сот жергиликтүү тургун Канат Жакуповду беш күнгө камоо боюнча чечим чыгарды. Ал 14-сентябрда «Баардык бийлик элге таандык» деген жазуусу бар плакат кармап, эки саат пикетке чыккан.

Жума башынан бери дагы бир нече адам бийлик менен макулдашылбаган миттингдерге чыкканы үчүн айып пулга жыгылып, айрымдары «сүйлөшүү» үчүн полицияга чакыртылды.

«Qaharman» укук коргоо уюму активисттердин кармалышын «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын жума соңуна белгиленген нааразылык акциясы менен байланыштырууда. Аталган кыймыл соттун чечими менен экстремисттик деп табылган. Анын чет өлкөдө жашап жүргөн лидери Мухтар Аблязов социалдык түйүндөр аркылуу казакстандыктарды 21-сентябрда митингге чыгууга чакырган. Казак бийлиги бул кыймыл тарабынан уюштурулган акциялардын бардыгын мыйзамсыз деп эсептейт.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17