Аймак

СЕНТЯБРДЫН АКЫРКЫ ЖЕКШЕМБИСИ ДОНОРЛОР КҮНҮ

СЕНТЯБРДЫН АКЫРКЫ ЖЕКШЕМБИСИ ДОНОРЛОР КҮНҮ

 1,012 Бардыгы /

Сентябрдын акыркы жекшембиси донорлор күнү. Ага ылайык облустук кан борбору Улуттук Кызыл-Ай коому менен биргеликте маалымат жыйын өткөрүштү.

Ага Жалал-Абад облустук кан борборунун бөлүм башчысы Айчүрөк Капарова, Улуттук Кызыл-Ай коомунун кызматкери Каныбек Кудайбердиев, Ардактуу донор Данагүл Курманбекова катышты.

Кан борборунун бөлүм башчысы Айчүрөк Капарованын айтымында шаар боюнча жумасына 60 литрдей кан керектелет.

Биз Жалал-Абад облустук кан борбору эч убакта кан жок деп айтпашыбыз керек. Азыркы убакта аймактарды кыдырып,  донорлорду табуудабыз. Бизден областтын башка аймактары кандарды ашыкча дозасы менен алып кетишет. Анткени бейтап оор учурларда кан жетишпей калбашы керек. Жумасына шаар боюнча эле  60 литрдей кан кетип турат. Ошондо бул күнүнө 10 литрге жакын кан керектелет дегендик. Негизи бизде дайыма 30-40 литр кан болушу керек.

Анын айтымында 30 жолудан ашык кан тапшыргандарга “ардактуу донор” деген наам ыйгарылат. Област боюнча 60, шаар боюнча 40 ардактуу донор бар, аларга ай сайын 1000 сом акча каражаты төлөнүп турат. Ал эми акысыз кан тапшырган жарандарга ысык чай жана 100 сомдон акча берилет. 2019-жылга алынган маалымат боюнча донор болгондордун саны 3541ди түзөт. Анын ичинен акысыз донорлордун саны – 302, активдүү донорлор – 445 болсо, анын ичинен 1806сы туугандарына донор болуп беришкен.

Кошумчалай кетсек, Өкмөттүн 1997-жылдагы №599 токтому менен жыл сайын Кыргыз Республикасынын донорлор күнү сентябрь айынын акыркы жекшембисинде белгиленип келет.

Акылай КАРАБАЕВА, “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17