Аймак

ТҮРКМӨНСТАНДА ЖООКЕРЛЕР ПАХТА ТЕРИМГЕ ЖӨНӨТҮЛДҮ

ТҮРКМӨНСТАНДА ЖООКЕРЛЕР ПАХТА ТЕРИМГЕ ЖӨНӨТҮЛДҮ

 776 Бардыгы /

Лебап облусунда аскердик милдетин өтөп жаткан жоокерлер өткөн айда пахта термиге жөнөтүлгөн. Аларга дурустап тамак-аш берилбей, жылытылбаган чатырларда түнөп жатышат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматына жоокерлердин ата-энелери билдиришти.

Ата-энелердин айтымында, жоокерлер керектүү өлчөмдө суу менен да камсыздалган эмес, буга байланыштуу алар жуунуп-тазаланууда кыйынчылыктарга туш болушууда.

«Жоокерлер жуунуп-тазалана албагандыктан, айрымдарынын колу-бутуна жара чыга баштаган. Аларга тиешелүү медициналык жардам дагы көрсөтүлгөн жок. Алардан пахта терүүнү гана талап кылышууда. Башкача айтканда жоокерлерди кулга айлантышкан», – деди ата-энелердин бири.

5-сентябрда Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердымухамедовдун катышуусунда атайын багыттагы «Түркмөн эдермен» аскердик бөлүгүнүн машыгуусу өткөн. Өлкөнүн расмий басылмалары куралдуу күчтөр керектүү бардык жабдуулар менен камсыздалганын маалымдашкан.

Ошол эле маалда «Азаттыктын» түркмөн кызматы өз булактарына таянуу менен түркмөн армиясынын абалы акыркы жылдары өтө начарлаганын билдирүүдө. Жоокерлер ур-токмокко алынган учурлар арбын.

Түркмөнстанда пахта теримде бюджеттик мекеме-ишканаларда иштеген кызматкерлерди мажбурлап иштетүү кеңири жайылган. Бул тажрыйбаны эл аралык укук коргоо уюмдары кескин сындап келишет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17