Аймак

ОШТОГУ МЕЛДЕШТЕ ЖЕҢГЕНДЕР СЫЙЛАНЫШТЫ

ОШТОГУ МЕЛДЕШТЕ ЖЕҢГЕНДЕР СЫЙЛАНЫШТЫ

 965 Бардыгы /

Бүгүн,  23-сентябрда Жалал-Абад ОИИБдин имаратында медицина кызматынын психолог-дарыгери, милициянын кенже лейтенанты Б.Мамазакировго кезектеги лейтенант чини тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан сырткары Ош шаарында болуп өткөн спорттук мелдеште байгелүү орундарды багындыргандар сыйланышты. Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата 16-19-сентябрь күндөрү Ош шаарында маркум, милициянын кенже лейтенанты Н.Сайдиевдин элесине арналып, спорттун 6 түрүнөн ИИМдин түштүк аймагы боюнча кичи динамиядасы болуп өттү. Жалпы жыйынтыкта командалык эсеп боюнча Жалал-Абад ОИИБдин курама командасы төмөндөгүдөй байгелүү орундарды камсыздаган:

1-орун – ордо, аркан тартыш;

2-орун – футбол, ок атуу;

3-орун – таш көтөрүү, кол күрөш.

“Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17