Аймак

ЖАҢЫ БАЛА БАКЧАГА ДАГЫ БИР МИЛЛИОНДОН АШЫК КАРАЖАТ КЕРЕК

ЖАҢЫ БАЛА БАКЧАГА ДАГЫ БИР МИЛЛИОНДОН АШЫК КАРАЖАТ КЕРЕК

 1,234 Бардыгы /

Айдай Омошева Жалал-Абад шаарынын Жеңиш кичи районунда жашайт. кичүү кызы 4 жашка толгонуна карабай бир да жолу бала бакчага бара элек. шаардын бул аймагында буга чейин бала бакча жок болгондугуна байланыштуу 4 баласын тең бала бакчага барбай калышкан.  Эми минтип жаңы бала бакча ачылды дегенин угуп күндө эшигин сагалап келип жүрүшөт. Бакча ишин тезирээк баштаса экен үмүттө турушат.

-Ушундай бала бакча курулуп калганына эле аябай сүйүнүп жатабыз. Иштеп кетиши үчүн колдон келген жардамдарды берет элек. мисалы биз айнек парда алып келип бердик. Башка ата-энелер да өз алдынча каралашып жатат.

Жаңы салынган бул бала бакча сентябрь айынын башында салтанаттуу ачылуу аземи болуп, ага шаар мэри өзү катышкан. Мэриянын маалымат кызматы да 50 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди деген маалыматты таратышкан. А чынында бүгүнкү күндө бала бакча лентасы кесилген бойдон эле турат. Балдарды тарбиялап баштоо жүйөлүү себептер менен октябрь ноябрь айларына чейин кечигиши мүмкүн. Бала бакчанын директору Айнура Абдалинова идиш-аяк, жууркан жана башка буюмдар керектигин алардын тизмеси шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан түзүлүп, шаар кеңешине сунушталганын билдирди. Эми алар эл өкүлдөрүнүн кезектеги сессиясын күтүүгө мажбур.

Ал эми шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев бала бакчага керектүү буюмдарга деп 1 миллион 447 миң сом, ал эми жылытууга көмүр үчүн 87 миң сом каражат шаардык кеңештен суралып жатканын билдирди.

Эске сала кетсек, аталган бала бакча Жалал-Абад шаарында эгемдүүлүк жылдарынан  бери курулган төртүнчү мамлекеттик бала бакча.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17