Аймак

ЧАТКАЛ: МИЛИЦИЯ БӨЛҮМЧӨСҮ ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ

ЧАТКАЛ: МИЛИЦИЯ БӨЛҮМЧӨСҮ ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ

 834 Бардыгы /

Терек-Сай айыл аймагынын милиция бөлүмчөсүнүн ачылыш аземи болду.

Ачылыш аземине КРдин Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев баштаган республикалык жана облустук ички иштер башкармалыктарынын башчылары, район акими Канжарбек Эшалиев, ички иштер тармагынын ардагерлери жана айыл тургундары катышты.

Ачылыш аземинде министр Кашкар Жунушалиев райондук ички иштер бөлүмүнө керектүү шарттарды түзүп берип жаткан район акими Канжарбек Эшалиевге, аталган бөлүмчөнүн курулушун каржылаган “Эти Бакыр Терек-Сай ” ишканасына ыраазылык билдирди.

Район акими Канжарбек Эшалиев алдыда райондук ички иштер бөлүмүнүн капиталдык оңдоо иштерине район тарабынан акчалай каражат жагынан жардам берилээрин билдирди.

Эскерте кетсек, аталган милиция бөлүмчөсүн курууга “Эти Бакыр Терек-Сай ” ишканасы тарабынан 3 млн. сомдун тегерегинде акча каражаты жумшалган.

Терек-Сай айыл аймагында 5 миңден ашыгыраак калк жашайт.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17