Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭЛДИК КУРУЛТАЙДЫ КОЛДОГОНДОРДУН ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭЛДИК КУРУЛТАЙДЫ КОЛДОГОНДОРДУН ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ

 876 Бардыгы /

«Биз бийликке каршы эмеспиз, биз системага каршыбыз» «Кыргыз келечеги» коомдук бирикмеси сайсий системаны алмаштыруу керектигин айтып чыгышты.

22-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарында “Кыргыз келечеги” коомдук бирикмесинин жыйыны өттү. Чогулушка жалпы 200 адам чакырылган болсо алардын 40 ы катышты. Катышкандарды басымдуу улуу муундагы адамдар түздү. Жыйында докладчылар негизинен бийликке каршы эмес, системага каршы күрөшүү керектигин, саясий системаны алмаштыруу жөнүндө сөз кылышты. Ошондой эле мындай жолго элдик курултай аркылуу жетишсе болору жана элдик курултайларды уюштуруу колго алынышы керектиги тууралуу пикирлер айтылды.

Кошумчалай кетсек, жыйынга Россия жергесиндеги мигранттардын “Кыргыз биримдиги” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү да катышып, тилектештигин билдиришти.

Мындай жыйындар буга чейин Ысык-Көл жана Талас областтарында дагы чакан уюшкандыкта өткөрүлгөн.

Ал эми элдик курултай өткөрүү боюнча мыйзам долбоору азырынча коомдук талкууда турат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17