Аймак

ТИЛ МАЙРАМЫ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КАТЫШУУСУНДА

ТИЛ МАЙРАМЫ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КАТЫШУУСУНДА

 2,285 Бардыгы /

Бүгүн, 23-сентябрда Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдык мааракеси жер-жерлерде милиция кызматкерлеринин катышуусунда белгиленип жатат.  Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Таш-Көмүр ШИИБдин имаратында №14 Т.Шадыканов атындагы гимназия инновациялык мектебинин окуучулары менен биргеликте «Эне тилим – кыргыз тилим» аталышында иш-чара уюштурулду. Алгач КРдин мамлекеттик гимни ырдалып, туусу желбиреди. Андан соң кыргыз тили тууралуу баяндама  жасалып, куттуктоо сөздөр айтылды. Мектеп окуучулары тарабынан атайын даярдалган тил жөнүндөгү сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлүп, ыр, бийлер менен коштолду. Соңунда Таш-Көмүр ШИИБдин жетекчилиги тарабынан мектеп окуучуларына атайын даярдалган белектер тапшырылды. Алардын окууларында мыкты жетишкендиктер болуп, кыргыз тили үчүн өз салымдарын кошкон мекенчил уул-кыздардан болуусу белгиленди.

Сузак РИИБдин кызматкерлеринин катышуусундагы эне тилдин 30 жылдыгына арналган саамалык уюштурулду. Райондогу Н.Алыкулов орто мектебинде кыргыз үй тигилип, окуучулар арасында сынактар өткөрүлдү. Жаштар арасында кыз-жигит сармердени уюштурулуп, келген конокторго майрамдык маанай тартууланды.

Ошондой эле Базар-Коргон РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясы тарабынан район аймагындагы мектептерде ар кандай кылмыш, кырсыктардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

“Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17