Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА ЖӨӨ ЖҮРҮШКӨ ЧЫККАНДАР КАРМАЛДЫ

ӨЗБЕКСТАНДА ЖӨӨ ЖҮРҮШКӨ ЧЫККАНДАР КАРМАЛДЫ

 684 Бардыгы /

23-сентябрда Хорезм облусунун укук коргоо органдарынын кызматкерлери Ташкентти көздөй жөө жүрүш жасаган журналист Махмуд Ражаб менен анын туугандарын кармап кетти.

Хорезм облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, алар аймактык милиция бөлүмүнө жеткирилди.

Облустук милициянын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө жөө жүрүш Махмуд Ражабга карата козголгон кылмыш ишин токтотууга багытталганы айтылат.

“Алар менен Ургенч шаарынын башчысы жолуккан. Демонстрация өткөрүү үчүн уруксат алуу керек экенин түшүндүргөнүнө карабай, жөө жүрүштүн катышуучулары мамлекеттик бийликтин кадыр-баркына доо кетирүү максатында коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп, акцияны социалдык түйүндөрдө онлайн-режимде чагылдырышкан”, – деп айтылат билдирүүдө.

Жөө жүрүшкө жыйырмадай киши катышкан, алардын арасында кичинекей эки бала жана төрт айлык ымыркай да болгон.

21-сентябрда аткезчиликке айыпталган журналист Махмуд Ражабды кармоого келген Хорезм облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам артка кайтууга аргасыз болгон.

Быйыл 30-апрелде журналист Махмуд Ражабга карата аткезчилик беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Эгер журналист күнөөлүү деп табылса, беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Журналист өзү кылмыш ишинин козголушун өлкөгө өзбек оппозиционери, белгилүү акын Мухаммад Салихтин китептерин алып кирүүгө аракет кылгандыгы менен байланыштырууда.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17