Аймак

АКСЫДА КАЛКТЫН САНЫ КӨБӨЙҮП, ТРАНСФОРМАТОРГО МУКТАЖ БОЛДУ

АКСЫДА КАЛКТЫН САНЫ КӨБӨЙҮП, ТРАНСФОРМАТОРГО МУКТАЖ БОЛДУ

 1,070 Бардыгы /

Керектөөчүлөрдүн санына карай жаңы трансформатор коюлуп, андан сырткары үйдүн короосунда туруп калган электр мамычалары сыртка чыгарылды.

Аксы район электр тармактар ишканасы кышка карата камылгаларын көрүүдө. Бул тууралуу “ЖАЛАЛАБАТЭЛЕКТРО” ААКтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жылдан жылга электр энергияга болгон муктаждык жана керектөөчүлөрдүн саны өскөндүктөн Аксы районуна кошумча трансформатор орнотуунун зарылдыгы келип чыккан. Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Тосто айылында керектөөчүлөрдүн саны кескин өскөндүктөн кошумча 100 кВА трансформатор коюлду. Андан сырткары аталган айылдагы жашоочулардын короосунда курулуп калган 10 даана электр мамычалар короонун сыртына көчүрүлүп, кошумча 7 даана жаңы бетон электр мамылар орнотулду. Жалпысынан 0,4 кВ аба чубалгылары тартылды. Жаңыланган аба чубалгылар, жарактуу мөөнөтү бүткөн жыгач мамычалардын алмаштырылышы күз-кыш айларына карата камылгалардын алкагында жүрүп жатат. Натыйжада Аксы районунда электр жарыгынын кубатынын көбөйүшү жергиликтүүлөргө жакшы шарт жаратат деп билдирди “Жалалабатэлектро” ААКтын басма сөз кызматы.

Роза Акматжан кызы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17