Аймак

ЖЭЭНБЕКОВ: ТҮРКИЯ ЭГЕМЕН КЫРГЫЗСТАНГА 600 МЛН. ДОЛЛАР ИНВЕСТИЦИЯ САЛДЫ

ЖЭЭНБЕКОВ: ТҮРКИЯ ЭГЕМЕН КЫРГЫЗСТАНГА 600 МЛН. ДОЛЛАР ИНВЕСТИЦИЯ САЛДЫ

 1,001 Бардыгы /

“Биз Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшкөндө товар жүгүртүүнү 1 млрд. долларга жеткирүүнү сүйлөшкөнбүз. Бул үчүн эки мамлекеттин жана ишкерлердин да аракети керек”,- деди Жээнбеков.

Түркия Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери 600 млн. доллардан ашык инвестиция салды.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-сентябрда Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-түрк бизнес-форумунда билдирди.

Өлкө башчынын маалыматына караганда, 2018-жылы Түркиядан 93 млн. доллар инвестиция келген. Учурда эки өлкөнүн ортосундагы жылдык товар алмашуу 400 млн. долларды түзөт.

Президент Жээнбеков Кыргызстанда инвесторлорго бардык шарт түзүлүп, бир топ жеңилдиктер берилгенин белгилеп, түркиялык ишкерлерди Кыргызстанга чакырды. Өлкөдө инвесторлордун укуктары толук корголгонун, алардын мүлкү кол тийгис экенин айтты.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17