Аймак

КАЗАКСТАНДА МУНАЙ КОМПАНИЯСЫНЫН ЖУМУШЧУЛАРЫ АЙЛЫКТЫ КӨТӨРҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛЫП ИШ ТАШТАШТЫ

КАЗАКСТАНДА МУНАЙ КОМПАНИЯСЫНЫН ЖУМУШЧУЛАРЫ АЙЛЫКТЫ КӨТӨРҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛЫП ИШ ТАШТАШТЫ

 680 Бардыгы /

Казакстандын Мангистау облусундагы Каракудукмунай жана Түндүк Бузачи кендеринде скважиналарды оңдоо менен алектенген «СИНОПЭК» компаниясынын ондогон жумушчусу маяналарды жогорулатууну талап кылып жатышат.

Алар 23-сентябрдан бери жумуштарын токтотуп, айлыктын 100 пайыз көтөрүлүшүн талап кылышууда. Мындан тышкары башка нөөмөттө иштеген ондогон адам 24-сентябрда ишкананын Актау шаарындагы кеңсесинин алдына чогулуп, ушундай эле талаптарды айтышты.

Жумушчулар айлыкты жогорулатуу талабы жазылган кайрылууну ишкананын жетекчилигине, «Нур Отан» партиясынын аймактагы өкүлчүлүгүнө жана мунайгаз комплексинин тармактык кесиптик кошуунуна жөнөтүштү. Кайрылууга Каракудукмунай жана Түндүк Бузачи кендеринде иштеген 150гө жакын жумушчу кол койгон.

Азырынча бул боюнча СИНОПЭК компаниясы менен Мангистау облустук акимчилигинен комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Облустук эмгек департаментинин жетекчи орун басары Шынгыс Дуйсенов «учурда жумушчулар менен иш берүүчүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын» билдирди. Ал буга чейин жумушчулар департаментке дагы даттанып кайрылышканын ырастады.

Теңгенин курсунун түшүүсү жана инфляциянын жогорулашына байланыштуу Казакстандын батышындагы мунай кендерде иштеген жумушчулардын нааразылыгы күчөп жатат. Сентябрдын башындагы иш таштоолор жумушчулар менен иш берүүчүлөрдүн өз ара ымалага келиши менен аяктаган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17