Аймак

ЛАТВИЯДА ИШТЕГЕН ӨЗБЕК МИГРАНТТАРЫ АЙЛЫКТАРЫ ТОЛУК БЕРИЛБЕЙ ЖАТКАНЫНА ДАТТАНЫШУУДА

ЛАТВИЯДА ИШТЕГЕН ӨЗБЕК МИГРАНТТАРЫ АЙЛЫКТАРЫ ТОЛУК БЕРИЛБЕЙ ЖАТКАНЫНА ДАТТАНЫШУУДА

 1,034 Бардыгы /

Латвияда иштеп жүргөн өзбек жарандары LUX MEOS деп аталган жергиликтүү курулуш компаниясын ортодо түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарган жок деп айыптап жатышат.

Алардын айтымында, компания жумушчуларга 45 күн үчүн убадалангандай 2-3 миң евро эмес, болгону 100 евродон гана айлык төлөп берген.

«Биз Өзбекстандагы Marakanda агенттиги аркылуу 15 киши келгенбиз. Айлык катары алгач 50 евродон беришти. Биз нааразы болуп чыкканда дагы 50 евродон карматышты. Ошол эле маалда компания бизди оор жумуштарды техникасы жок колго аткарууга мажбурлап жатат», — деди өзбекстандык жумушчулардын бири.

Жарандарды ишке орноштуруу менен алектенген аталган агенттиктин башчысы Хуршид Ражабов Латвиядагы өзбек жарандарынын абалы менен таанышуу үчүн Ригага атайын өкүлүн жибергенин билдирди.

«Биз абал менен таанышуу үчүн атайын өкүлүбүздү жибердик. Ал ар бир жумушчу менен сүйлөшүп, протокол түзүштү. Азыр ар биринин келишими бар», — деди Ражабов.

Ал ошондой эле өзбек жарандары оор жумуштарды техникасы жок колго аткарып жатышканын ырастады. «Жумуш берүүчү бир ай өтө элек болгондуктан айлыкты бере электигин айтты. Экинчиден ал өзбек жарандары иштөөдөн баш тартып жатканын билдирүүдө. Азыр абал менен жакындан таанышып жатабыз. Зарыл болсо Латвиянын Миграциялык кызматына кайрылып, маселени чечебиз», — деди Ражабов.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17