Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,057 Бардыгы / 10 миллион сомго оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн Кербен аэропорту колдонууга дагы деле даяр эмес. Алгач үстүбүздөгү жылдын май айында иштей баштайт делген менен ремонт иштери кечиккен. Андан соң август айында аэропорттун ачылышына премьер министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү катышкан. Ачылышы болгон менен колдонууга толук даяр болбогондуктан алигече иштеп баштай элек. Жогорку кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура […]
1,058 Бардыгы / 10 миллион сомго оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн Кербен аэропорту колдонууга дагы деле даяр эмес. Алгач үстүбүздөгү жылдын май айында иштей баштайт делген менен ремонт иштери кечиккен. Андан соң август айында аэропорттун ачылышына премьер министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү катышкан. Ачылышы болгон менен колдонууга толук даяр болбогондуктан алигече иштеп баштай элек. Жогорку кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура […]
КЕРБЕН АЭРОПОРТУН КОЛДОНУУГА БЕРҮҮ КЕЧИГИП ЖАТАТ
25.09.2019 / Автор aymak1,059 Бардыгы /
10 миллион сомго оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн Кербен аэропорту колдонууга дагы деле даяр эмес. Алгач үстүбүздөгү жылдын май айында иштей баштайт делген менен ремонт иштери кечиккен. Андан соң август айында аэропорттун ачылышына премьер министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү катышкан. Ачылышы болгон менен колдонууга толук даяр болбогондуктан алигече иштеп баштай элек.
Жогорку кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Кербен» аэропортун ишке киргизүү тууралуу» токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат угулду. Бул тууралуу жогорку кеңештин басма сөз кызматы жазып чыкты.
Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышевдин берген маалыматы боюнча бүгүнкү күндө аэропорттун имаратын оӊдоп-түзөө толугу менен жыйынтыкталып, тиешелүү аэронавигациялык жабдуулар алынган. «Кербен» аэропортуна Жарандык авиация агенттиги тарабынан тиешелүү сертификат берилген. «Аэропорттун инфратүзүмү учуп-конуу тилкесинен башкасы белгиленген эрежелерге ылайык келет. Тилкеден кеткен жаракалар мастика чайыры менен бүтөлүп герметизацияланышы керек. Биз бул эреже бузуулар четтетилиши керек деген шарт менен сертификат бергенбиз»,- дейт К.Акышев.
Талкууда депутат Сайдолимжон Жураев аталган агенттиктин мындай чечимине таӊгалгандыгын билдирди. «Алгач эскертүү берип, андан кийин эреже бузуулар четтетилген соӊ колдонууга жарактуу деген сертификат берилиши керек»,- дейт С.Жураев.
Депутат Калдарбек Баймуратов болсо тиешелүү аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнөн «Кербен» авиакаттамы качан иштеп баштаарына кызыкты. Баяндамачылар тилкени оӊдоп-түзөө бир аптадай убакыт алаарын, ал эми авиакаттам жүргүзүү чечимин авиакомпаниялардын өздөрү кабыл алышаарын белгилешти.
Депутат Алтынбек Жунус уулу обьектинин курулушун учуп-конуу тилкесиндеги ремонт иштеринен улам создуктурууга жол берилбеши керектигине токтолду. «Бул «Манас» аэропортунун жетекчилигинин канааттандыралык эмес ишинин ачык мисалы. Ишке принципиалдуу мамиле кылуу менен тилкедеги ремонт иштерин бир апта ичинде бүтүрүп койсо болот. Элдин суроо-талабын ар дайым эсибизден чыгарбашыбыз зарыл. Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунун, Таш-Көмүр шаарынын эли бул аэропорттун иштешин чыдамсыздык менен күтүп жатышат»,- дейт депутат. Ошондой эле А.Жунус уулу иш дагы да кечеӊдей турган болсо аэропорттун жетекчилигинин жоопкерчилигин кароону сунуш кылды.
Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетининин төрайымынын орун басары Алмазбек Эргешов «Кербен» аэропортунун ишке кирбей турушу авиация тармагын өнүктүрүү саясатына жооптуу болгон Транспорт жана жол министрлигинин кайдыгер мамилесинен улам болуп жатканын айтты. «КР Премьер-министри өзү барып «Кербен» аэропотунун ачылышына катышкан. Бул тууралуу бир канча күн телеканалдарда жаӊылыктар берилген. Элде бул аэропрттон самолеттор учуп, каттам жүргүзүлүп жатат деген түшүнүк калган», -деди А.Эргешов.
Талкуудан кийин комитет мүчөлөрү берилген маалыматты эске алуу менен тиешелүү министрлик менен мекемелерге «Кербен» аэропортун колдонууга берүүнү ыкчамдатууну тапшырышты.
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
-
11.01.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨНДӨ АЙЛАНМА ЖОЛ КУРУЛАТ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.