Аймак

АТЫ СОНУН АКЧАНЫН… ЖЕ ЭЛЕКТРОНДУК АКЧАЛАРДЫН САНЫ АРТУУДА

АТЫ СОНУН АКЧАНЫН… ЖЕ ЭЛЕКТРОНДУК АКЧАЛАРДЫН САНЫ АРТУУДА

 4,006 Бардыгы /

Электрондук акча маселесинин тегерегинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий өкүлү Аида Карабаевага бир нече суроолор менен кайрылып, тиешелүү жоопторду алууга жетиштик.

-Электрондук акча дегенди кандай түшүнүүгө болот жана алар кайсы мезгилден тартып биздин өлкөдө колдонула баштады?

-Дүйнө жүзүндөгүдөй эле Кыргызстандын заманбап төлөм кызматынын рыногу тездик менен өнүгүүдө. Электрондук каражаттарды пайдалануу аркылуу көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө жана кызмат көрсөтүүнүн кеңири алкагына жол ачылып жатат. Айта кетсем, электрондук акчанын пайда болушу менен колдонуучулар акча каражаттарын которуу, ар түрдүү төлөмдөрдү жүргүзүү, банктык кызматтарды адистердин же кассирдин жардамы жок эле, каалаган убакта өз алдынча ишке ашырууга шарт түзүлдү.

Электрондук акча – бул программалык-техникалык жабдууда электрондук түрдө сакталып турган каражат.

Бул алдын ала төлөнгөн карталар, алдын ала төлөнгөн виртуалдуу же карта эсебинде жазылган акчалар. Электрондук капчык (кошелек) электрондук акча инструменти болуп саналат. Соода түйүндөрүндө сатып алуу же тейлөө кызматтары үчүн төлөөдө тиешелүү аппараттар аркылуу пластик карталары колдонулат. Карталарды даярдап чыгарган мекеме-уюмдар эмитент деп аталат. Кыргыз Республикасында электрондук акчалар 2016-жылдан тартып чыгарылып, калк тарабынан азыр кеңири колдонулуп жатат.

-Электрондук акчалардын калк арасында кеңири колдонулушун камсыздоо ишине кимдер катышат же жооптуу болуп саналат жана бул иш азыркы учурда кандай денгээлде жүрүп жатат?

-Бул ишке жооптуу болуп биздин республиканын аймагында иштеп жаткан коммерциялык банктар, операторлор, агенттер, субагенттер жана эл аралык электрондук акча системасынын операторлору/эл аралык электрондук акча эмитенттери эсептелет. Буларга карата «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жободо өлкө аймагында электрондук акча менен операцияларды ишке ашыруу тартиби жана талаптары так белгиленген.

Бүгүнкү күндө биздин өлкөбүздө электрондук акчалар менен эсептешүүнүн тогуз системасы тогуз коммерциялык банк – электрондук акча эмитенттери аркылуу ишке ашырылып келет.

2019-жылдын 2-чейрегинин акырына карата, 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу, электрондук акча боюнча көрсөткүчтөрдүн өсүшү байкалган, бул аларды колдонуунун жөнөкөйлүгүнө жана ыңгайлуулугуна байланыштуу. 2019-жылдын 2-чейрегинин акырына карата абал боюнча электрондук капчыктардын саны 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда дээрлик 1,6 эсеге көбөйүп, 1,4 миллиондон ашуун капчыкты түзгөн.

Электрондук акча аркылуу эсептешүүнүн ыңгайлуу жана пайдалуу экендигин азыр жарандар арасында суроо-талаптын жогорулап жаткадыгынан, ага кызыгуулары артып, түшүнүү менен пайдаланып жатканы аркылуу байкоого болот. Анткени, азыркы учурда жарандар электрондук акча аркылуу 200дөн ашуун тейлөө кызматтары үчүн акысыз төлөй алат. Алардын катарына коммуналдык кызмат, мобилдик байланыш, интернет, онлайн оюндар, салык төлөмдөрү, электрондук акчалардын ортосунда болгон акча которуулар, электрондук акчаны нак акчага айландыруу, чек ара аркылуу өткөрүлүүчү төлөмдөр жана башкалар кирет. Нак эмес төлөм жүргүзүүнүн калк үчүн популярдуу болуп кетишине – анын ыкчамдыгы, ыңгайлуулугу, коопсуздугу жана ишенимдүүлүгү себеп болду десем жаңылышпайм.

-Жакында Улуттук банк «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү долбоорун коомдук талкууга сунуштады. Алар кандай өзгөрүүлөр жана толуктоолор?

-Электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн коопсуздугун жогорулатуу, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарына ылайык, электрондук акчаны пайдалануу менен жүргүзүлгөн эсептешүүлөрдүн ченемдик-укуктук жөнгө салынышын мезгил-мезгили менен карап чыгуу зарыл.

Ушул себептен «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген:

  • 2020-жылдын 1-октябрынан тартып идентификацияланбаган электрондук капчыктарга тыюу салуу;
  • электрондук акча системасында операциялар боюнча маалыматтарды айкын убакыт ыргагында (on-line) же болбосо бир күндө эки жолудан кем эмес бири-бирине туура келүүсүн текшерүү;
  • банктын бухгалтердик балансындагы, ага жараша, электрондук акчаны эсепке алуу боюнча агенттин банктык эсебиндеги өлчөмгө жана суммага дал келген, ар бир агент тарабынан ишке ашырылган операциялардын санын жана көлөмүн эсепке алуу;
  • банк чыгарылган электрондук акчанын ордун аны нак акчага айлантып же нак эмес акчаны электрондук акча ээсинин банктык эсебине же ал көрсөткөн башка эсепке келишимде мурда белгиленген тариф боюнча кошумча төлөм жана комиссиялык төлөм алуусуз жабуу.

Бул талаптар эсептешүүлөрдүн өз убагында жүргүзүлбөгөндүгүнө байланыштуу жагдайлардын жаралышы боюнча тобокел-кооптонууларды азайтууга мүмкүнчүлүк берет.

-Келечекте Кыргызстандын шартында электрондук акчаны пайдаланууда кагаз акчаларды пайдалануунун үлүшү кандай болушу мүмкүн?

-Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан “2019-жылды региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруу жана Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны жүзөгө ашыруунун алкагында бир катар иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Мисалы, региондордо калктын банктык тейлөө кызматтарынан пайдалануусун кеңейтүү максатында төлөм ишарттарын жайылтуу иштери улантылып жатат. Ага ылайык, коммерциялык банктар тарабынан алыскы аймактарда банкоматтарды орнотуу, соода жана кызмат көрсөтүү түйүндөрүн POS-терминалдар менен жабдуу, төлөм терминалдарын орнотуу иштери планга жараша жүрүп жатат. Мындан сырткары, улуттук “Элкарт” системасы менен россиялык “Мир” системасын интеграциялоо долбоору ишке ашырылууда.

Менимче, нак эмес төлөм жүргүзүүнүн үлүшүн көбөйтүү аркылуу, биз өлкөдөгү көмүскө экономиканы жоюп, республикалык казынага түшүүчү каражатты көбөйтүп жатабыз. Башкача айтканда, товар жана кызмат көрсөтүү үчүн эсептешүүдө нак эмес ыкмаларын колдонуу аркылуу өлкөбүздүн экономикасында жүгүртүлгөн акча каражаттардын ачыктыгына жетишебиз.

Аида айым, маек куруп бергениңизге ыраазычылык билдиребиз.

Маектешкен Зирек Асанова, Бишкек шаары

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17