Аймак

ПУТИН ЕВРОПАГА РАКЕТА ЖАЙГАШТЫРУУГА МОРАТОРИЙ КИРГИЗҮҮНҮ СУНУШТАДЫ

ПУТИН ЕВРОПАГА РАКЕТА ЖАЙГАШТЫРУУГА МОРАТОРИЙ КИРГИЗҮҮНҮ СУНУШТАДЫ

 790 Бардыгы /

Орусия президенти Владимир Путин Кытайга жана НАТОго мүчө бардык өлкөлөрдүн лидерлерине кат жолдоп, Европада жана башка аймактарда кыска жана орто аралыктагы ракеталарды жайгаштырууга мораторий киргизүүгө чакырды.

Бул тууралуу “Коммерсантъ” гезити БУУнун Башкы ассамблеясына келген дипломаттардын бирине шилтеме жасап билдирди.

Анын айтымында, кат 19-сентябрда жөнөтүлгөн. Кайрылууну Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини менен БУУнун башкы катчысы Йенс Столтенберг да алган. Азырынча эч ким ага жооп бере элек.

Путиндин катында Орусия Европа жана башка аймактарда кыска жана орто аралыктагы ракеталарды жайгаштырбоо чечимин жарыялаганы, бирок АКШ ушундай эле милдеттенме алуудан баш тартып жатканы айтылган. Путин башка өлкөлөрдү ракета жайгаштырууга мораторий киргизүү боюнча демилгени колдоого чакырды.

“Коммерсантка” интервью берген дипломаттардын бири НАТО Москванын сунушун олуттуу деп эсептебей турганын, себеби Орусия буга чейин эле мындай ракеталарды өз аймагына жайгаштырып алганын айткан.

Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимге мындан 31 жыл мурда, 1987-жылы ал кездеги СССРдин лидери Михаил Горбачев менен АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган кол койгон эле. Келишим учуу аралыгы 500дөн 5500 чакырымга чейин жетүүчү жана кургакта жайгаштырылуучу канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салган.

Быйыл АКШ да, Орусия да ал келишимден чыгып кеткен.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17