Аймак

КЫРГЫЗ МИНИСТРИ АКШда СТУДЕНТТЕРГЕ ЛЕКЦИЯ ОКУДУ

КЫРГЫЗ МИНИСТРИ АКШда СТУДЕНТТЕРГЕ ЛЕКЦИЯ ОКУДУ

 848 Бардыгы /

АКШ. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри
Чыңгыз Айдарбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясына катышуу алкагында «Борбор Азия ичинде жана айланасында кызматташтыкты өнүктүрүү тенденциялары: Кыргызстандан көз караш» аттуу темада Колумбия Университетинин Эл аралык жана коомдук мамилелер мектебинде лекция окуду. Буга улай студенттердин бир катар суроолоруна дагы жооп кайтарды.

Адегенде Кыргыз Республикасынын Тышкы саясий ведомствосунун башчысы өлкөбүздүн демократиялык жетишкендиктери жөнүндө кеңири кеп салды. Өлкөдө жана аймактарда болуп жаткан учурдагы маанилүү окуялар менен дагы тааныштырды. Андан ары 
Борбор Азияда болуп жаткан жараяндар тууралуу, чек ара көйгөйлөрүн жайгаруу, суу-энергетикалык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле улуттук жана жалпы аймактык деңгээлдерде коопсуздукту камсыз кылуу маселелеринде күч-аракеттерди консолидациялоо жана өз ара аракеттенүүнү мындан дагы тереңдетүү боюнча тараптардын аракеттерин студенттерге жана катышуучуларга кеңири баян этти.

Колумбия университетинин алдындагы Гарриман атындагы Орусияны, Евразияны жана Чыгыш Европаны изилдөө Институнун директору А.Кули иш-чарага модераторлук кылды. Лекциядан кийин Кыргыз министри студенттердин жана жолугушуунун катышуучуларынын бир катар суроолоруна дагы ынандыраарлык жоопторду узатты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17