Аймак

КЫРГЫЗ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ЖАЛПЫ ДЕБАТТАРЫНЫН АЧЫЛЫШЫНА КАТЫШТЫ

КЫРГЫЗ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ЖАЛПЫ ДЕБАТТАРЫНЫН АЧЫЛЫШЫНА КАТЫШТЫ

 747 Бардыгы /

НЬЮ-ЙОРК. Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жетектеген делегация: Саламаттыкты сактоо министри К. Чолпонбаев, Кыргызстандын АКШдагы Элчиси Б. Отунбаев, Кыргызстандын БУУнун алдындагы Туруктуу өкүлү М. Молдоисаева БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылышына катышты.

БУУ БАнын 74-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылышынын алкагында Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Италиянын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луиджи Ди Майо менен эки тараптуу жолугушту. Министр Ди Майо Рим шаарында Кыргыз Республикасынын дипломатиялык Өкүлчүлүгүнүн ачылышына максималдуу жардам көрсөтүүгө Италия тарабынын даярдыгын тастыктады жана Неаполь шаарында Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугун ачуу жөнүндөгү чечимди кубаттады. 

Министр Чыңгыз Айдарбеков Италия Республикасынын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министринин орун басары Манлио ди Стефанонун ушул жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасына боло турган сапарынын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Бул сапардын алкагында Кыргызстан менен Италиянын Тышкы саясий ведомстволорунун ортосунда биринчи саясий кеңешүүлөрдү өткөрүү пландалып жатат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17