Аймак

КЫРГЫЗ МИНИСТРИ БУУнун ӨНҮКТҮРҮҮ  ПРОГРАММАСЫНЫН ДИРЕКТОРУ МЕНЕН СҮЙЛӨШТҮ

КЫРГЫЗ МИНИСТРИ БУУнун ӨНҮКТҮРҮҮ  ПРОГРАММАСЫНЫН ДИРЕКТОРУ МЕНЕН СҮЙЛӨШТҮ

 705 Бардыгы /

НЬЮ-ЙОРК. Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков БУУнун Өнүктүрүү Программасынын (ПРООН) Администратору Ахим Штайнер менен жолугушту. Иш-чараны Кыргыз тарап демилгелеген.

Сүйлөшүү маалында Кыргызстан менен ПРООНдун ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу, атап айтканда, туруктуу өнүгүү Максаттарын ишке ашыруунун жана 2030-жылга чейинки тиешелүү Күн тартибинин алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери кызуу талкууланды. ПРООНдун Кыргызстанга жардам берүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу боюнча пикирлер дагы алмашылды. 

БУУнун мекемелери тарабынан Кыргызстанга 2018-2022-жылдарга жардам көрсөтүү Алкактык негиздерин (ЮНДАФ) Министр оң гана баалап, ЮНДАФ линиясы аркылуу 92 милион АКШ доллары тартылгандыгына терең ыраазычылык билдирди жана биргелешкен аракеттер аркылуу ЮНДАФтын гранттык салымы мындан аркы ишке ашыруу мөөнгөттөрүнө толук бөлүнүп берилээрине терең ишеним билдирди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17