Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: КАЙРЫМДУУЛУК БОРБОРУНУН АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ

ЖАЛАЛ-АБАД: КАЙРЫМДУУЛУК БОРБОРУНУН АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ

 2,225 Бардыгы /

Бүгүн, Жалал-Абаддагы  “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү” кайрымдуулук борборунун ачык эшиктер күнү болуп өттү.

 

Аталган иш-чарага шаардын вице-мэри Руслан Алтымышев, шаардык кеңештин депутаты Упел Парханова, аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар, жаш балдар катышты.

“Мындай борборлор сөзсүз түрдө керек. Анткени коомдун аярлуу катмарынын жарандары да келип акысыз юристтин кызматын жана психологиялык жактан колдоо ала алат. Биз шаардык кеңештин депутаттары мындай социалдык долбоорлорду дайым колдоп келебиз. Бул жакта каттоого алынган жашы жете элек өспүрүмдөр да атайын окутуулардан өтүп, психологиялык жардам берилип турат”-дейт У. Парханова

 

Катышуучуларга “Ариет” чыгармачылык борборунун окуучулары ыр-бийлерди тартуулап, жаш балдарды ЮНИСЕФтин ыктыярчылары, оюн ойнотуп, бийлетип, сүрөт тарттырышты. Аталган борбордо  психологдор жана юристтер кызмат көрсөтөт.

Эске сала кетсек, Зордук-зомбулукка кабылган, жапа чеккен аялдарга, балдарга жардам көрсөткөн “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү” кайрымдуулук борбору Жалал-Абад шаарында жакында гана ачылган. Борбор жергиликтүү бийликтин демилгеси менен Түштүк Кореянын «Гуд нейбарс» уюмунун, «Жакшы кошуналар» коомдук бирикмесинин колдоосу менен түптөлгөн.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17