Аймак

ТЫНЧТЫК КҮНҮНӨ КАРАТА СҮРӨТ СЫНАГЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

ТЫНЧТЫК КҮНҮНӨ КАРАТА СҮРӨТ СЫНАГЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

 3,512 Бардыгы /

Сузак  районунун Бек-Абад локациясынын  Ала-Бука районунун Ак-Коргон  локациясы Базар-Коргон районунун Сейдикум жана Арстанбап локациясынын   жашстанчылары “Биз тынчтык үчүн” аттуу сүрөт сынагын өткөрүп, анда мыкты тарткан окуучулар атайын белектер менен сыйланды.

Анда окуучулар тынчтык жаштардын көзү менен, тынчтыкты кагаз бетине тартуу, жаштар тынчтыктын жарчылары деген аталыштагы сүрөттөрдү тартышкан. Балдардын тынчтыкты куруудагы сүрөттөрү ынтымакты, достукту жана толеранттуулукту чакырган сүрөттөр болгон.
“Абад” коомдук фонду тарабынан Жашстан 2 долбоорунун жашстанчыларынын демилгеси менен уюштурулган “Биз тынчтык үчүн” сурөт сынагын жашстанчылар өздөрү мыкты тынчтыкты чакырган сүрөт ээлерин тандап алышып анда атайын белектер берилди.

Кыргызстанда ынтымакты, тынчтыкты бекемдөөгө жана жарандарды ийгиликтүү болууга үндөгөн “Жашстан” долбоору былтыр бир жыл бою өлкөнүн 7облусунан чогулган жаш демилгечил балдардын башын бириктирип тынчтыкты куруу менен 14 жаштан 28 жашка чейинки курактагылар үчүн лидерликти өнүктүрүү боюнча бир нече тренинг жана иш-чараларды өткөрүп келген. Аталган долбоорду улантуу максатында быйыл “Жашстан- 2” долбоору ар бир областтын өзүндө ишке ашырылууда. Жалал-Абад областында “Абад” коомдук фондду тарабынан ишке ашырылып, анда 4 райондун 14-18 жаштагы жигердүү мектеп окуучулары тандалып алынган. Долбоорго Базар-Коргон районунан Сейдукум жана Арстанбап аймактары, Сузак районунан Бек-Абад жана Ала-Бука районунан Ак-Коргон аймактарынан жалпысынан 24 мектеп окуучулары тандалып алынды жана алар атайын Жашстан долбоору аркылуу окутуулардан өтүп жатышат.
Эл аралык “Search for common ground” (“Жалпы кызыкчылыктарды издөө”) уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ишке ашырган “Жашстан -2” долбоору өлкөдө ынтымакты, тынчтыкты бекемдөөгө жана жарандарды ийгиликтүү болууга үндөйт жана Жалал-Абад областында Абад коомдук фонду менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жатат. “Жашстан” долбоору БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан колдоого алынган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17