Аймак

КАЗАКСТАН САУД АРАБИЯСЫНДАГЫ АБАЛДАН ПАЙДАЛАНЫП МУНАЙ ӨНДҮРҮШҮН КӨБӨЙТПӨЙТ

КАЗАКСТАН САУД АРАБИЯСЫНДАГЫ АБАЛДАН ПАЙДАЛАНЫП МУНАЙ ӨНДҮРҮШҮН КӨБӨЙТПӨЙТ

 658 Бардыгы /

Казакстан Сауд Арабиясында мунай өндүрүшүнүн азайгандыгынан пайдаланып, көбүрөөк мунай өндүрүүгө аракет кылбайт. Бул тууралуу өлкөнүн энергетика министри Канат Бозумбаев билдирди.

«Биздин ОПЕК+ келишиминин алкагында милдеттенмелерибиз бар жана биз аларды аткарабыз. 2020-жылдын март айына чейин суткасына 1 миллион 860 баррелден ашык мунай өндүрбөйбүз», — деди Бозумбаев.

Өткөн жумада жергиликтүү басылмалар Омандын мунай министри Мухаммед ар-Румхи бир нече өлкө, анын ичинде Казакстан мунай өндүрүшүн кыскартуу боюнча ОПЕК+ макулдашуусунун алкагындагы милдеттенмелерин аткарбай коюшу мүмкүндүгүн билдиргенин жазышкан.

Казакстандын Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, 2019-жылдын алгачкы сегиз айынын жыйынтыгы боюнча, өлкөдө мунай өндүрүшүнүн орточо көрсөткүчү суткасына 1,79 миллион баррелди түзгөн. Бул белгиленген көлөмдөн дээрлик 64 миң баррелге аз.

Сауд Арабиясынын Aramco мунай компаниясы 14-сентябрдагы дрондордун чабуулунан өлкөдө мунай өндүрүшү күнүнө 5,7 миллион баррелге төмөндөгөнүн билдирген. Дүйнөдөгү мунай өндүрүшүнүн 10 пайызга жакыны Сауд Арабиясына туура келет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17