Аймак

КАЗАКСТАНДА МИТИНГ ӨТЧҮ ЖЕРДЕ КАРМАЛГАН КИШИ ТӨРТ СУТКАГА КАМАЛДЫ

КАЗАКСТАНДА МИТИНГ ӨТЧҮ ЖЕРДЕ КАРМАЛГАН КИШИ ТӨРТ СУТКАГА КАМАЛДЫ

 735 Бардыгы /

Алматыда сот 21-сентябра кармалган жергиликтүү тургун Булат Смагуловду төрт суткага камоо боюнча чечим чыгарды. Ал «полициянын талабына баш ийбөө» беренеси боюнча айыпталууда.

Прокуратура өкүлдөрүнүн билдиришинче, 21-сентябрь күнү «уруксат берилбеген митинг учурунда» ал күч түзүм органдарына каршылык көрсөткөн. Айыпталуучу болсо митингге эмес, жумушка бараткан маалда полиция кармап кеткенин айтууда.

Казакстан ИИМи 21-сентябрда Казакстанда жүздөй киши кармалганын маалымдаган. Алардын тогузу административдик камакка алынып, алтоо айып пулга жыгылган.

Калгандары профилактикалык сүйлөшүүдөн соң коё берилген.

Өкмөткө каршы нааразылык акцияларына чыгууга коңшу өлкөдө экстремисттик деген негизде тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын лидери, 2009-жылдан бери чет жакта бозгунда жүргөн банкир Мухтар Аблязов үндөгөн.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17