Аймак

КЫРГЫЗ МИНИСТРИ БУУнун  БАШ КАТЧЫСЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

КЫРГЫЗ МИНИСТРИ БУУнун  БАШ КАТЧЫСЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 693 Бардыгы /

НЬЮ-ЙОРК. БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын Жалпы дебаттарына катышуунун алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков БУУнун Башкатчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө бүткүл дүйнөлүк уюмдун жана эл аралык мамилелердин учурдагы күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу жүрдү. Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстан БУУну реформалоо боюнча, Туруктуу өнүгүнүн максаттарын илгерилетүүдө, учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөштө Баш катчыны толук колдоорун ачыктады. Андан ары дүйнөдө, мунун
ичинде Кыргызстанда Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүгө багытталган аркандай программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу чөйрөсүндө БУУнун ишине оң баа берди жана Кыргыз Республикасынын жетекчилиги тарабынан бардык багыттар боюнча өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн бир катар Улуттук деңгээлдеги стратегиялык документтери кабыл алынгандыгын дагы кошумчалады.
Тышкы саясий мекеменин башчысы Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүүнүн Ыктыярдуу улуттук баяндамасы даярдалып жаткандыгы жөнүндө маалымдап, Кыргызстан парламенттик демократияны өнүктүрүү жана улуттук институттарын бекемдөө менен тандап алган жолунда алга илгерилөөнүн улантат депи шендирди.

Соңунда тараптар курчап турган чөйрөнү коргоого жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтууга, терроризмге жана экстремизмге, маңзаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган ар кандай долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу маселелерин, ошондой эле Борбор Азияда регионалдык кызматташууну күчөтүү, мунун ичинде радиоактивдүү калдыктар көйгөйүн чечүү жана суу ресурстарын колдонуу маселелерин дагы кенен-чонон талкуулашты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17