Аймак

ТАЖИКСТАН КАМАКТАГЫ 48 ООГАН ЖАРАНЫН КАБУЛГА ӨТКӨРҮП БЕРДИ

ТАЖИКСТАН КАМАКТАГЫ 48 ООГАН ЖАРАНЫН КАБУЛГА ӨТКӨРҮП БЕРДИ

 694 Бардыгы /

Тажикстан 30-сентябрда өз түрмөлөрүндө отурган 48 ооган жаранын Кабулга өткөрүп берди. Тажик бийлигинин маалыматына ылайык, алардын көбүнө маңзат соодасына байланыштуу айып тагылган.

Буга чейин Ооганстан «ашынган террорчулук ишмердигине» байланыштуу камалган бир канча тажик жаранын Душанбеге өткөрүп бергенин билдирген. Бирок анда алардын так саны айтылган эмес.

Эки өлкө ушул жылы жайында дагы бири-бири менен абактагы жарандарын алмашкан. Анда Тажикстан Ооганстанга 80 адамды жөнөткөн.

Тажикстандын Ооганстандагы элчилигинин өкүлү Саидмасъуд Бадахш «Азаттыктын» тажик кызматына түрмөлөрдө дагы 70 ооган жараны калганын билдирди.

Абактагы жарандарды алмашуу тууралуу эки өлкө 2010-жылы макулдашкан. Ага ылайык, бул адамдар жаза мөөнөттөрүн өз өлкөлөрүндө өтөйт.

Буга чейин жергиликтүү басылмалар ооган жарандары тажик түрмөлөрүнүн шартына нааразы болуп жатышканын, ажал тапкандар да бар экенин жазышкан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17