Аймак

ФИНПОЛ АЛБЕК ИБРАИМОВДУН ТУШУНДА “МАНАС” АЭРОПОРТУНАН 5 МЛН ДОЛЛАР ЧЫГАРЫЛГАН ДЕП ЭСЕПТЕЙТ

ФИНПОЛ АЛБЕК ИБРАИМОВДУН ТУШУНДА “МАНАС” АЭРОПОРТУНАН 5 МЛН ДОЛЛАР ЧЫГАРЫЛГАН ДЕП ЭСЕПТЕЙТ

 791 Бардыгы /

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) беш жыл мурда “Эл аралык “Манас” аэропорту” ачык акционердик коомунан оффшордук компаниялар аркылуу 5 миллион доллар чыгарылып кеткенин аныктады.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур кабарлады.

Анын айтымында, компаниянын жетекчилиги 2014-жылы аэропорттун аймагында жайгашкан, ошол кезде банкротко учураган ишкананын акцияларынын 100 пайызын сатып алуу боюнча келишимге кол койгон. Финансы полициясы ишкана жетекчилиги башынан эле бул келишим майнапсыз экенин билип туруп кол койгон деп эсептейт.

– Тергөөнүн жүрүшү жетекчи кызматкерлер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кылмыштуу келишим түзгөнүн, жеке кызыкчылыгын көздөгөнүн аныктады, – деди Пискур.

Финполдун өкүлү белгилегендей, акциялардын баасы ал кезде 5 миллион доллар эмес, 100 миң сом гана болчу.

2013-2016 жылдары “Эл аралык “Манас” аэропорту” ачык акционердик коомун Албек Ибраимов башкарып турган.

Кийин Бишкектин мэри болуп иштеген Албек Ибраимов 2018-жылы камакка алынган. Ага карата борбордун четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу жана жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүүгө байланыштуу эки кылмыш иши козголуп, соттук териштирүү жүрүп жатат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын үзөңгүлөшү болгон Ибраимов бул кылмыш иштерин куугунтук катары эсептеп келет. Ал УКМКнын Тергөө абагында кармалууда.

Финполдун бүгүнкү айыптоосу боюнча Албек Ибраимов тараптан комментарий боло элек.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17