Аймак

ТАЖИКСТАНДА БЕЛГИСИЗ ӨСҮМДҮККӨ УУЛАНГАН ЭКИ БАЛА МЕРТ БОЛДУ

ТАЖИКСТАНДА БЕЛГИСИЗ ӨСҮМДҮККӨ УУЛАНГАН ЭКИ БАЛА МЕРТ БОЛДУ

 813 Бардыгы /

Фархор районунда 6 жана 8 жаштагы эки бала белгисиз өсүмдүккө ууланып, мерт болду. Дагы үчөөнүн абалы оор.

Трагедия 28-сентябрда Гүлшан айылындагы пахта талаасында болгон. 6 жаштагы Азизулло Сафаров менен 8 жаштагы Сумайя Сафарова белгисиз өсүмдүккө ууланып, ажал тапкан. Дагы үч бала оор абалда “Караболо” медициналык борборуна жеткирилген.

Фархор райондук ооруканасынын башкы дарыгери Ражабали Курбонов билдиргендей, ууланууга түрткү болгон өсүмдүктүн үлгүсү шаарга экспертизага жөнөтүлдү.

Августта Куляб шаарында тамак-ашка ууланып, бир үй-бүлөдөн эки киши өлгөн. Дагы экөө ооруканага жаткырылган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17