Аймак

ТАШКЕНТТЕ ПЛАСТИКАЛЫК ХИРУРГИЯ КЛИНИКАСЫНДА ӨЛГӨН КЕЛИНДИ ЭКСПЕРТИЗАСЫЗ ЖЕРГЕ БЕРИШКЕН

ТАШКЕНТТЕ ПЛАСТИКАЛЫК ХИРУРГИЯ КЛИНИКАСЫНДА ӨЛГӨН КЕЛИНДИ ЭКСПЕРТИЗАСЫЗ ЖЕРГЕ БЕРИШКЕН

 756 Бардыгы /

24-августта Ташкенттеги пластикалык хирургия жасаган Mont Blanc клиникасында 20 жаштагы кош бойлуу келин каза болгон.

Самарканддык Гүлшан Шарифова дем алуусу кыйындаганына байланыштуу мурдунун ичиндеги этти алдыруу үчүн Mont Blanc клиникасына кайрылган. Операция үчүн ал 8 миллион сум (850 доллар) төлөгөн.

Келиндин атасы кызынын аллергиясы бар экенин эскертип, этият болууну сураган. Ал операция учурунда комага түшүп, үч күндөн кийин көз жумган.

Гүлшан Шарифованын атасы Умид Абдушукуровдун айтымында, буга чейин аталган клиникада 42 жаштагы дагы бир аял мерт болгон:

– Прокуратура кызматкерлери келип, кылмыш иши козголорун айтышты. Бирок кылмыш иши козголсо, сөөк ошол жерде каларын, ичин ачышарын эскертишти. Мындан соң биз кызыбызды Самаркандга алып кетүүнү чечтик.

​Маркумдун туугандары дарыгерлерге доосу жок экенин тууралуу документтердин баарына кол койгондон кийин, прокуратура иликтөө иштерин токтоткон.

Клиниканын дарыгери Фахриддин Облокулов Гүлшан дарыга аллергия болуп, анафилактикалык шоктон мерт болгонун айтты.

Клиника операция үчүн төлөнгөн акчаны кайтарып берген, маркумдун үй-бүлөсү башка компенсация алган эмес. Дарыгерлер жумуштан алынган, башка жоопкерчиликке тартылган эмес.

Клиника учурда ысымын өзгөртүп «Мукаммаллик» деген ат менен иштеп жатат.

Медцина илимдеринин кандидаты, жогорку категориядагы дарыгер Гүлбахор Нуриддинова мурда ал жерде иштеп кеткенин, клиника тиешелүү медициналык талаптарга жооп бербей турганын билдирди.

20 жаштагы Гүлшан Шарифова Ташкент каржы институтунун 3-курсунда окуган, анын артында бир уулу калды.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17