Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: ОИИБдин НАЧАЛЬНИГИНИН КУБОГУ ӨТТҮ

ЖАЛАЛ-АБАД: ОИИБдин НАЧАЛЬНИГИНИН КУБОГУ ӨТТҮ

 1,258 Бардыгы /

1-ноябрь Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата кичи-футбол боюнча Жалал-Абад ШРИИБдеринин ортосундагы финалдык оюндар орун алды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.    

Маалыматка ылайык,  областтагы милиция бөлүмдөрүнүн жалпы 18 командасы бул кубок үчүн күч сынашкан. Көк майсаң үстүндөгү беттештер, жайгашкан аймагына жараша 6 тайпага бөлүнүп, жер-жерлерде түзүлгөн график боюнча оюндар жүргүзүлгөн.

Ага улай, кичи-футболдун жарым чейректик жана финалдык беттештери 2-октябрда өткөрүлгөн. Алгач өздүк курамдын жана спортчулардын катышуусунда спорттук иш-чаранын салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлүп, кызмат учурунда курман болгон кесиптештерди эскерип куран түшүрүштү.

Аймактарда болуп өткөн тайпалык оюндарда активдүүлүгүн көргөзүшүп, жарым чейректик оюнга катышкан 6 команданын ортосундагы беттештер кызуу жүрүп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Өтмө кубокко арналган мелдештин финалдык бөлүгүндө Жалал-Абад ОИИБдин борбордук аппаратынын курама командасы менен милициянын Кайгуул Күзөт Кызматынын Өзүнчө Ротасынын курама командалары кез келди. Финалдык беттеш көрүүчүлөрдүн сүрөөнү менен коштолуп, ар бир команданын намысын коргогон кызматкерлер жеңиш үчүн аракеттерин көрүштү. Жалпы 2 бөлүктүн жыйынтыгында милициянын КККнын өзүнчө Ротасынын командасы мыктылыгын көргөзүп, 1-орунду багындырышты. Ал эми 3-орунду Ноокен РИИБи жеңип алса, 4-орунга тез чара көрүү отряды (СОБР) татыды.

      

“Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17