Аймак

УКРАИНА АКШдан ДАГЫ 150 РАКЕТА САТЫП АЛАТ

УКРАИНА АКШдан ДАГЫ 150 РАКЕТА САТЫП АЛАТ

 777 Бардыгы /

АКШнын Мамлекеттик департаменти Украинага 150 даана Javelin ракетасын сатууга макулдук берди. Аскердик техникалардын жалпы суммасы 39 миллион доллар. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Коргоо министрлиги билдирди.

Бул Украинага жеткириле турган Javelin ракеталарынын экинчи партиясы. Былтыр Кошмо Штаттар Киевге 200 ракета саткан.

Курал-жарактын дал ушул түрү АКШ менен Украина президенттеринин чуулгандуу телефондук сүйлөшүүсүндө да талкууланган. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Владимир Зеленский Украина АКШдан мындан ары да курал сатып алууга ниеттенип жатканын айткан. Трамп жооп иретинде саясий атаандашы Жо Байден жана анын уулунун Украинадагы ишмердүүлүгүн иликтөөнү сураган. Конгресстеги демократтар Трамп АКШ жаранына зыян келтирүү үчүн украин президентине басым жасаган деп эсептешип, ага импичмент жарыялоону демилгелешкен.

Украинага учуучу аскердик куралдарды жеткирүүнү Трамптын администрациясы баштаган. Экс-президент Барак Обаманын тушунда Кошмо Штаттар бул өлкөгө учпай турган аскердик техникаларды гана саткан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17