Аймак

«ӨЗҮҢДҮ ТААНЫ» ДОЛБООРУ

«ӨЗҮҢДҮ ТААНЫ» ДОЛБООРУ

 920 Бардыгы /

БАТКЕН. Кыргыз Өкмөтүнүн “2017-2020-жылдарга жаштар саясатын өнүктүрүү” Программасын ишке ашыруу максатында Баткен облустук “Жаштардын өзүн-өзү тарбиялап, өстүүрүүсү – аймактарды өнүктүрүүнүн өбөлгөсү” аттуу конференциясы өз ишин аяктады.

Баткен облустук конференциясына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, Кыргыз эл акыны Надырбек Алымбеков, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадеминов, Куштарбек Кимсанов жана башка көрүнүктүү инсандар катышышты. Нуржигит Кадырбековдун “Өзүңдү тааны” долбоору республиканын бардык аймактарында өткөрүлүүдө. Долбоордун негизги максаты – өзүнүн элин, жерин жана өз элинен чыккан таланттарды жана чыгаан инсандарды таануу.

Аталган Форумда Баткен облусунун жаштарынын азыркы абалы, ийгиликтери, көйгөйлөрү жана аны чечүүнүн жолдору, жаштардын өзүн-өзү тарбиялоосунун жана өстүрүүсүнүн мааниси жана жолдору, “Өзүңдү тааны”, “Бир адамдан бир китеп”, “Ишкердиктин негиздерин өздөштүрүү”, “Мыкты илим билим- жаштар келечеги”, “Жаштарды Мекенчилдикке тарбиялоо”, “Санариптештирүү жана инновациялык технологияны өздөштүрүү, жайылтууда жаштардын ролу” темасында докладдар окулуп, кызуу талкуулар жүрдү.

Айтмакчы, аталган иш чара Кыргызстандын Маданият жана маалымат министрлиги менен Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17