Аймак

БУУда КЫРГЫЗ ДЕЛЕГАТЫ ЖАШТАР САЯСАТЫН КОЗГОДУ

БУУда КЫРГЫЗ ДЕЛЕГАТЫ ЖАШТАР САЯСАТЫН КОЗГОДУ

 576 Бардыгы /

НЬЮ-ЙОРК. БУУнун Башкы Ассамблеясынын үчүнчү Комитетинин (коомдук, гуманитардык жана маданий маселелер боюнча комитетинин) жыйынында, «Дүйнөлүк коомдун өнүгүшү, мунун ичинде адам укугу боюнча коомдук абал жана жаштар, карылар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана үй-бүлө» күн тартиби боюнча Кыргыз Республикасынын жаштар делегаты Акылай Батырбекова сүйлөдү.

Акылай Батырбекова БУУнун бийик трибунасынан 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын шартында жаштар саясатынын, анын ичинде билим берүү, аларды татыктуу иш менен экамсыздоо, ошондой эле экономикалык өсүз жаатында жана туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүү боюнча өтө актуалдуу проблемаларды көтөрдү.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын үчүнчү Комитетинин жыйынындагы «Дүйнөлүк коомдун өнүгүшү, мунун ичинде адам укугу боюнча коомдук абал жана жаштар, карылар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана үй-бүлө» дагы кыйла күн талкууланат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17