Аймак

УКУК КОРГООЧУЛАР БЕЛАРУС БИЙЛИГИН ЖУРНАЛИСТ ОДИНАЕВДИ ТАЖИКСТАНГА ӨТКӨРҮП БЕРБӨӨГӨ ЧАКЫРЫШТЫ

УКУК КОРГООЧУЛАР БЕЛАРУС БИЙЛИГИН ЖУРНАЛИСТ ОДИНАЕВДИ ТАЖИКСТАНГА ӨТКӨРҮП БЕРБӨӨГӨ ЧАКЫРЫШТЫ

 595 Бардыгы /

11 укук коргоо уюму журналист жана жарандык активист Фарход Одинаевди Тажикстанга өткөрүп бербөө өтүнүчү менен беларус бийлигине кайрылышты. Алар Одинаев Тажикстанда кыйноого алынып, ага катаал мамиле жасалышы мүмкүн деп эсептешүүдө.

Фарход Одинаев тажик бийлигинин өтүнүчү менен 25-сентябрда беларус-литва чек арасында кармалган. Ал Тажикстанда тыюу салынган уюмга мүчө болгон жана экстремисттик ишмердүүлүктү каржылаган деп айыпталууда.

7-октябрда Amnesty International, Борбор Азия мигранттарынын бирлиги, «Борбор Азиядагы адам укуктары» бирлиги, Freedom House, Human Rights Watch, Норвегия-Хельсинки комитети, Freedom Now, Human Constanta, Human Rights Center Viasna жана Чек арасыз кабарчылар уюмдары Фархад Одинаевди Тажикстанга өткөрүп бербөө өтүнүчү менен беларус бийлигине кайрылышты.

Human Rights Watch уюмунун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Стив Свердловдун айтымында, Минск өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарып, Одинаевди бир дагы өлкөгө, анын ичинде кыйноолор менен катаал мамилелерге кабылышы мүмкүн болгон Тажикстанга өткөрүп бербеши керек.

42 жаштагы Фарход Одинаев 2013-жылы августтан ноябрга чейин Москвада «Сафо ТВ» деп аталган оппозициялык маанайдагы тажик телеканалын жетектеген. Көп өтпөй телеканал тажик бийлигинин басымынан улам жабылып калган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17